14-мартта Бишкек эркин экономикалык аймагынын 100дөн ашык кызматкерлери ишембиликке чыгып, Манас проспектисин бойлой 350 метрден ашык аймагын тазалашты. Ошондо мурдагы ВДНХ имаратынан тарта Ысык-Көл мейманканасына чейинки аралык таштандылардан арылып, жаркырап жакшынакай болуп калды. Жалпысынан 100дөн ашык кызматкерлер катышып, 10дон ашык атайын техника иштеди. Мындай жазгы тазалануу иштери бул күнү башка жерлердеги субъектилердин аймагында дагы жүрдү. Ошондой эле бул иш-чара акыркысы эмес, айлана-чөйрөнү жакшыртып кам көргөн мындай тазалануу жумуштары ордо калаабыздын айланасында апрель айына чейин улана берет.

Меню