Урматтуу Кыргызстандыктар!!!

Сиздерди жаз менен бирге келген, жер жаңыланып, табият ойгонгон мезгилде, жылуу желдин деми жүрѳктү жылытып, баардык тирүү жандыкты козгогон жана жагымдуу маанай тартуулаган, элибиздин улуу тарыхы менен бирге кылым карыткан Нооруз майрамы менен “Бишкек” Эркин Экономикалык Аймагынын Башкы дирекциясынын атынан чын жүрөктөн куттуктайбыз!!!

Нооруз – бул өзгөчө майрам, өлкөбүзгө тынчтык, ырыскы жана береке, улууларыбызга кадыр-барк, жаштарыбызга ыйман алып келсин. Эң негизгиси   касиеттүү жерибизде тынчтык, элибизде ынтымак, биримдик болсун,  «жакшы тилек – жарым ырыс» дегендей, ар бирибиздин жүрѳгүбүздѳ  ыйман, жүзүбүздѳн жылмаюу кетпесин. Нооруз элибизге тынччылыкты, токчулукту, молчулукту, ар бирибиздин үй-бүлѳбүзгѳ бакыт-таалайды, кажыбас кайратты, иштерибизге ийгиликтерди  алып келсин.

Уважаемые Кыргызстанцы!

    От имени Генеральной дирекции Свободной Экономической зоны “Бишкек” искренне поздравляем Вас с наступающим праздником Нооруз!
      Нооруз – это особый праздник, считается, что в этот день окончательно устанавливается весна, природа пробуждается и приходит в движение. Этот праздник дарит людям светлые надежды и мечты. Пусть этот светлый праздник Нооруз принесет каждому счастья, здоровья, процветания и добрые перемены, новых успехов и удачи на новом пути прекрасной жизни! Пусть в каждом доме будет достаток, а в стране – мир и спокойствие.

Меню